Мен РФтин жаранымын, балам КРдин жараны өзүмдүн фамилияма кандай кылып өткөрөм?
2020.04.03, 11:07
564
Саламатсызбы. Менин суроом бар. Өзүм РФтин жаранымын, балам КРдин жараны. Өзүмдүн фамилияма кандай кылып өткөрсөм болот? Атасы менен ЗАГС алган эмеспиз, бирок уулум анын фамилиясында. Атасы кайсы жакта экенин билбейм, биз менен байланышпайт. Баланы өз атыма жаздырып алсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.04.2020, 11:09
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Сиздин учурда деле баланын фамилиясын өзүңүзгө жаздыруу процедурасы адаттагыдай жүрөт. Ал үчүн алгач атасын аталык укуктан сот аркылуу ажыратасыз, же анын макулдугу менен ЗАГСка кайрылып арыз жазасыңар. Андан кийин уулуңуздун фамилиясын өзүңүзгө өткөрүп аласыз.
Ийгилик!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
0
Пайдалуу жооп