// //

Күйөөмөн балама жана өзүмө алимент өндүрсөм болобу?

2020.04.02, 13:15
1006

Саламатсызбы! Жолдошум менен ажырашканбыз, ортодо бир балабыз бар. Азыркы учурда ал биринчи турмушу менен жарашып жашап жатат. Биздин ортобузда ЗАГС жок. Балабыз 3 жашка чыкканга чейин балага жана өзүмө алимент чыгарта аламбы? Тактап айтканда, иштебей үйдө олтурам, балам үчкө толгуча өзүмө дагы алимент чыгартсам болобу?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.04.2020, 13:19

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Албетте, алимент чыгартсаңыз болот. Биринчиден балага атасы алимент төлөйт. Анткени КРнын Үй-бүлө Кодексинин 86-беренесинде алимент боюнча ушундай укук берилген. Ал эми ортодогу баланы багууну жүзөөгө ашырып жатканыңыз боюнча, балаңыз 3кө толгончо өзүңүзгө дагы алимент өндүрүп алсаңыз болот. Бул үчүн сотко доо арыз менен кайрылууңуз керек.

Эгер балаңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн атасы деген графада күйөөңүздүн ата-жөнү жазылган болсо, биринчи кезекте балаңызга алимент өндүрүү боюнча жашаган аймагыңыздагы сотко кайрылыңыз. Сот үч күндүн ичинде алимент өндүрүү боюнча соттук буйругун чыгарып берет. Балаңыз 3 жашка чыкканга чейин өзүңүзгө алимент өндүрүү боюнча ошол эле сотко доо арыз жазыңыз. Сот тараптардын катышуусун менен доо арызды карап чыгып, алимент өндүрүү чечим кабыл чыгарат.  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт