Эркектин жумурткасынын бири чоң бири кичинекей болушу нормалдуу элеби?
Саламатсызбы. Инимдин бир жумурткасы экинчисине салыштырмалуу чоңураак. Бул нормалдуу элеби? Ушу суроомо жооп берип коесузбу?
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатчылык. Эркектердин бардыгында эле ушундай, бир жумурткасы чоңураак, бири кичирээк. Бул бейтаптардын урологго эң көп берген суроолордун бири болуп саналат.
Эркектин жумурткаларынын көлөмүндө жана жайгашуусунда бир аз айырма болот. Өзүңүз деле байкап көрсөңүз керек, адамдын бүткүл денесинде ассиметрия байкалат. Мисалы, эки көзү да бири-бирине опокшош болбойт. Оң көз солдон бир аз айырмаланат.
Ошондуктан мындай көрүнүшкө эч сарысанаа болбоңуз.
Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.