Табарсык жагым, сүйлөгөндө оорутат. Бул эмнеден болушу мүмкүн?
2020.04.01, 11:33
1811
Менин суроом гинекологго. 17 жаштамын, бала кезимен бери табарсыгымдын он жак тарабында, бир нерсе тургандай оорутат. Колу менен кармаганда шишип тургандай. Катуу сүйлөгөндө, оор нерсени көтөргөндө, табарсыгым толгондо.
Бул эмне болушу мүмкүн?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.04.2020, 11:34
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Сиз сүйрөттөп жаткан нерсе чурай чурку бези “паховая грыжа” болушу мүмкүн. Мында курсак көңдөйүнүн жука жеринен ичегинин бир бөлүгү чурай каналына чыгып калат.
Бул маселени так аныктап, чечүү үчун хирурга көрүнүү зарыл. Эгер диагноз тастыкталса, анда оперативдик кийлигишүү азырл болот. Мындай оору өз алдынча, үй шартында дарыланбайт.
Ден соолукта болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп