Жөлөкпулдун мөөнөтү бүтүп калды. Мекемелер иштебесе кантип документ тапшырабыз?
Саламатсызбы! Жөлөкпулдун алты ай мөөнөтү бүтөйүн деп калды. Мекемелер иштебегенден кийин маалымкатты тапшырганга мүмкүнчүлүк болобу? Узартылып алына береби же токтоп калабы?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатызбы! Өзгөчө абал учурунда социалдык төлөмдөр боюнча документтеринин мөөнөтү бүткөн жарандарыбыздан эч кандай документ талап кылбай, абал жөнгө салынганга чейин төлөй берүү иш-аракеттери көрүлүп жатат.
Демек, буга чейин жөлөкпул, үй-бүлөгө көмөк, жеке ассистент, майыптыгы боюнча пенсия, бала асыроочулардын айлыгы менен асыранды баланын кем-каржы, акчалай компенсациялар, жумушсуздук боюнча жөлөкпул, айтор ар кандай социалдык төлөмдөр болсо, баары үзгүлтүксүз төлөнөт. Учурдагы кырдаал жөнгө салынгандан кийин гана талап кылынган документтер кабыл алынат.
Жакынкы күндөрү КРнын Өкмөтүнүн буйругу кабыл алынгандан кийин расмий түрдө маалымат беребиз.