Карантинде дары ичип үйдөн эле боюман түшүрсөм болобу? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Этек кирим келбей жатканына 5 күн болду. Тест салсам боюмда бар экен. Аборт жасатсам эмчектеги балама, өзүмдүн ден соолугума зыяны тийип калбайбы? Азыр каранти деп үйдөн чыкпай жатабыз. Үй шартында дары ичип боюман түшүрсөм болобу? Кандай дары ичишим керек?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Кандай болгон күндө да доктурга кайрылып, УЗИге түшүү керек. Анткени жатынга бүткөн кош бойлуулукпу же жатындан тышкары бойго бүттүбү (внематочная беременность), так мөөнөтү канча экенин аныктоо зарыл. Себеби ар кандай учурда ар башка ыкмалар колдонулат. Бойдон түшүрүүчү дарыларды жазганда ден соолугуңуздун абалы, кош бойлуулуктун мөөнөтү, анализдердин жыйынтыктары ж.б. эске алынат. Андан кийин гана гинеколог менен бирге кош бойлуулукту токтотуунун жолун аныктайсыңар.
Ден соолукта болуңуз!