// //

Чач тарачка барсам, чачымды мен каалабаган түскө боеп коюшту

2020.03.27, 14:00
1232

Саламатсызбы! Мен чач тарачка чачымды боеткону баргам, бирок мен каалаган түскө боебой, башкача кылып коюшту. Уруш чыгарсам, администратор кууп чыкты. Акчасын алдын ала төлөп койгом, кайтарып бербей жатышат. 3000 сомдой кетти эле. Өндүрө аламбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.03.2020, 14:05

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү" мыйзамынын негизинде өзүңүздүн укугуңузду коргосоңуз болот. Анткени бул мыйзам боюнча, сизге көрсөтүлгөн кызмат сиз кызмат көрсөтүүчү менен алдын ала келишкендей жана сапатуу болууга тийиш. Өз акчаңызды өндүрүп алуу жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылыңыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт