// //

Атам эркек баласы жок болгону үчүн, үйүбүздү инисине берем дей берет

2020.03.26, 10:44
1173

Саламатсызбы! Эки бир тууган кызбыз. Атам менен апам эркек баланын жоктугунан көп урушат. Биз өзүнчө турмуш куруп кеткенбиз. Үйүбүз атамдын наамында, бирдеме болсо эле үйдү инисинин балдарына берем деп айтат. Үйдү апам экөө алган, болгону документ боюнча атама катталган. Ошондо апамда дагы үлүш болобу?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.03.2020, 10:47

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Үй турмуш кургандан кийин жубайлардын ортосундагы алынган жалпы мүлк болсо, күйөөсү өзүнүн атына жазылганына карабастан аялынын уруксаты жок, башка бирөөгө сатып же өткөрүп бере албайт. Анткени бул жалпы мүлк, аялынын дагы ага акысы бар. Ошондуктан, бул жерде атаңыз өз алдынча чечип, башка бирөөгө өткөрүп бере алат деген маселе жок. Апаңыздын макулдугу керек. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт