// //

Туруктуу жумушу жок адам насыя алса болобу? Адис жооп берет

2018.11.19, 12:59
3076

Бул ирет окурмандардын "Кантип насыя алсам болот?", "Кандай документтер керек?", "Кимдерге берилбейт?" деген суроолоруна Айыл Банктын насыялоо башкармалыгынын регионалдык координация жана насыя талдоо бөлүмүнүн менеджери Айбек Султанов жооп берди.

Канча жаштан баштап насыя алса болот?

Жашы 18ден жогору, киреше булагы бар жаран насыя ала алат. 

Туруктуу иши жок жаранга насыя берилеби?

Кардар насыя алгандан кийин аны кайтарып бериши керек. Ошондуктан биз киреше булагын карайбыз. Туруктуу жумушу жок, бирок бизнеси бар болсо насыя берилет. 

Эмнеге Кыргызстандагы банктардын пайыздык чендери көп?

Пайыздык чендер эл аралык уюмдардан келген ресурстардан түзүлөт. Ошондой эле, донорлордон арзаныраак каражат тартылган күндө да, банк кеңсесинин ижара акысы, кызматкерлердин эмгек маянасы деген бар. Булардын баары пайыздык ченге кошулат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт