Ажырашкан күйөөм турмушка чыксам алимент төлөбөй турганын айтты
2020.03.25, 10:50
1222
Күйөөм экөөбүз ажырашканбыз. Ал балама 2000 сом алимент төлөйт. Жакында турмушка чыгам. Эми жолдошум, "турмуш курсаң алимент төлөбөйм, жаңы күйөөң төлөсүн" деп жатат. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.03.2020, 10:52
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сиз азыр эч нерсе кылбай туруңуз. Анткени мыйзам боюнча алимент төлөөдөн бошотуу үчүн ал өзү сотко кайрылуусу керек. Ал эми соттун алимент төлөөдөн бошотүү жөнүндө чечими жок болсо, ал алимент төлөөгө милдеттүү болот.
0
Пайдалуу жооп