// //

“Внематочный” болуп калганымды өзүм биле аламынбы? Гинеколог жооп берет

2020.03.24, 12:12
5185

УЗИге түшөйүн десем акча жок, тест салсам, бир эле сызык чыкты. Жатындан тышкары бойго бүтүү эмеспи меники? Белгилери кандай болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.03.2020, 12:17

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Саламатчылык. Аптекадан алынган тесттер ар дайым эле туура көрсөто бербейт.

Жатындан тышкары бойго бүтүүнүн симптомдору ар түрдүү. Ал прогрессивдүү өрчүп жаткан же жок деген сыяктуу факторлордон да көз каранды.

Эң көп кездешүүчү белгилер төмөнкүлөр:

  • этек кирдин токтошу;
  • ичтин ылдый жагынын тартып оорушу;
  • кан аралаш бөлүнүп чыгуулар “выделение”;
  • шалдыроо, башы айлануу, ээсин жоготуу;
  • ХГЧ анализдин оң чыгышы;
  • жатын ичинде жумуртка түйүлдүктүн жок болушу.

Жатындан тышкары бойго бүтүп калды деген диагнозду гинеколог ХГЧ анализинин жыйынтыгы, УЗИнин жыйынтыгы жана башка көрсөткүчтөрдү эске алып коет. Кош бойлуулуктун башталышында бейтап өз алдынча аныктоосу мүмкүн эмес.

Жатындан тышкары бүткөн кош бойлуулукту өз убагында аныктоо керек. Болбосо жатын түтүгү жарылып, көп кан кетүүгө алып келет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт