“Внематочный” болуп калганымды өзүм биле аламынбы? Гинеколог жооп берет
УЗИге түшөйүн десем акча жок, тест салсам, бир эле сызык чыкты. Жатындан тышкары бойго бүтүү эмеспи меники? Белгилери кандай болот?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Аптекадан алынган тесттер ар дайым эле туура көрсөто бербейт.
Жатындан тышкары бойго бүтүүнүн симптомдору ар түрдүү. Ал прогрессивдүү өрчүп жаткан же жок деген сыяктуу факторлордон да көз каранды.
Эң көп кездешүүчү белгилер төмөнкүлөр:
- этек кирдин токтошу;
- ичтин ылдый жагынын тартып оорушу;
- кан аралаш бөлүнүп чыгуулар “выделение”;
- шалдыроо, башы айлануу, ээсин жоготуу;
- ХГЧ анализдин оң чыгышы;
- жатын ичинде жумуртка түйүлдүктүн жок болушу.
Жатындан тышкары бойго бүтүп калды деген диагнозду гинеколог ХГЧ анализинин жыйынтыгы, УЗИнин жыйынтыгы жана башка көрсөткүчтөрдү эске алып коет. Кош бойлуулуктун башталышында бейтап өз алдынча аныктоосу мүмкүн эмес.
Жатындан тышкары бүткөн кош бойлуулукту өз убагында аныктоо керек. Болбосо жатын түтүгү жарылып, көп кан кетүүгө алып келет.