Эгер бул аракеттерди жасасаңыз инстаграм аккаунтуңуз блокко түшөт
2020.03.24, 11:41
1245
Салам достор! Бүгүн биз силерге инстаграм аккаунт блокко түшүп калбаш үчүн кандай аракеттерди жасабаш керек экенин айтып беребиз.
Инстаграм аккаунт блокко кандай учурда түшөт:
- Спам билдирүүлөр үчүн;
- Автордук укукту бузганда: бирөөнүн сүрөтүн, тестин жүктөгөн үчүн;
- Порнография жана эротикалык билдирүүлөр үчүн;
- Жылаңач (ымыркайлардыкын дагы) сүрөттөрдү жарыялоо үчүн;
- Анорексия менен суицидди пропагандалоо үчүн;
- Расизм, гомофобия жана сексизм үчүн;
- Курал-жарак жана баңгизат сатуу үчүн;
- Белгилүү бренддердин логосун жана символдорун пайдаланган үчүн;
- Instagram логотибин жеке сүрөттөрдө колдонгон үчүн;
- Кредиттик карта, паспорт сыяктуу жеке маалыматтарды жайылтуу үчүн ж.б.
Инстграм аккаунтту блокко түшүп калуудан коргоо үчүн:
- Катталып жатканда актуалдуу электрондук почтаңызды көрсөтүңүз.
- Телефон номериңизди кошуп коюңуз. Ал аккаунт сизге таандык экенин тастыктоо үчүн зарыл болот: Инстаграм коду менен SMS жөнөтөт.
- Эгер аккаунт фирмаңыздыкы болсо, каттап жатканда атайын документтерди көрсөтүү керек болот.
- Сыр сөздү бир жерге жазбай эсиңизге сактаңыз.
- Аккаунтуңузга кирип жатканда экифакторлуу аутентификацияны колдонуңуз.
Бул жерден башка кызыктуу тасмаларды көрүңүз:
Cаякатка чыгууга шыктандыруучу 5 тасма
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.