Тууганыбызга берген койлорду кантип өндүрүп алсак болот?
2020.03.24, 11:06
1171
Саламатсызбы! Алысыраак тууганыбызга багып, көбөйтүп бериңиз деп 20 кой бергенбиз. Быйыл болгону сегиз коюбуз калганын айтты. Эмне болуп жок болгонун түшүндүргөн жок. Ордун толуктап бериңиз десек макул болбой жатат. Кантип өндүрүп алсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.03.2020, 11:09
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сиз доо арыз тартибинде сотко кайрылыңыз. Сотко кайрылуудан мурун койлорду беригендигиңиз тууралуу далил топтошуңуз керек. Ал эми далил катары күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрүн сотко келтирүүгө болот. Тактап айтканда, сотто койлорду ал инсанга бергендигиңизди далилдөөңүз зарыл.
0
Пайдалуу жооп