Күйөөм экөөбүздүн кан группаларыбыз окшош. Биз балалуу боло алабызбы?
Саламатсызбы. Күйөөмдүн каны 3чү оң, меники да 3чү оң. Биз балалуу болгонбуз, бирок башында суу болуп, төрөлгөндө эле чарчап калды. Кан группалары бир болгондор ден соолугу чын балалуу боло алышабы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык! Гидроцефалия, ал арасында “водянка” деп да аталат, бул тукум кууй турган оору эмес, андыктан ата-эненин канын тобу ага эч кандай таасирин тийгизбет.
Адатта, гидроцефалиянын пайда болушуна төмөнкүлөр себепкер:
- кош бойлуу кезде инфекция кирген,
- бала ичтен жаракат алган (травма).
Кайрадан мындайга туш болуп калбоо үчүн кийинки кош бойлуулукту пландаштырып, дыкаттык менен даярдануу зарыл. 2-3 ай мурун күйөөңүз менен бирге медициналык текшерүүдөн өтүп, витаминдик-минералдык комплекстерди ичишиңер керек. Ден соолукта мүчүлүштүктөр болсо алдын ала дарыланып алгыла.
Ден соолукта болуңуз!