Питер шаарындамын “загран” паспортум жок, Кыргызстанга кантип кетсем болот?
2020.03.21, 13:05
1106
Саламатсызбы. Учурда Россиянын Питер шаарындамын. Кыргыз өлкөсүнө загран паспорту жок кантип кетсем болот? Загран паспортко документ тапшыргам, келген, бирок паспорт берүүчу жайда турат, ала элекмин.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.03.2020, 13:05
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатчылык. Тилекке каршы, учурда чек аралар жабык болгонуна байланыштуу, Кыргызстанга документсиз кайта албайсыз. Мамлекетибиз 2020-жылдын май айына чейин бардык авиакаттамдарды токтотуп салды.
Азыр сизге күтүп турууну же Россиядагы Кыргызстандын элчилигине барып, жалпы жарандык паспортту кайрадан жасатууна гана сунуштай алам.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп