Ичтеги түйүлдүк өспөй калганда кандай белгилер болот? Гинеколог айтып берет
Саламатсызбы. Ичтеги түйүлдүк өспөй же өлүп калганда кандай белгилер болот? Муну аял өз алдынча аныктай алабы?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Өспөй калган кош бойлуулукту өз алдынча, үй шартында аныктоо мүмкүн эмес. Аны УЗИ аркылуу гана кош бойлуулуктун динамикасын көрүп дарыгер аныктайт.
Түйүлдүктүн өспөй калышына көп факторлор себепкер болот. Алар: кош бойлуулук учурундагы инфекциялар, гормоналдык өзгөрүүлөр, тышкы чөйрөнүн жагымсыз таасири (уулу өндүрүштө иштөө, тиричилик химияга уулануу ж.б.)
Бойдон алдыргандан кийин сөзсүз толук текшерүүдөн өтүп, дарыланып, андан кийин гинеколог менен биргеликте кош бойлуулукту пландаштыруу зарыл.
Ал эми бойдон түшүп калганда төмөнкү белгилер болот:
- кан аралаш “выделение”;
- ичтин төмөн жагы ылдый тартып оорутат;
Мындай белгилер байкалганда дароо ооруканага баруу керек.
Ден соолукта болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.