Жаңы төрөлгөн балам тамагын кырылдата берет, коркунучу жокпу? Педиатр жооп берет
Саламатсызбы. Жаңы төрөлгөн ымыркайым, чиренип ыйлап, тамагын кырылдата берет. Төрөлгөнүнө 12 күн болду. Чарайнасын жутуп алганда ошондой болот, деп айтып жатышат. Мунун коркунучу жокпу?
Диляра Искакова
Педиатр
Жаңы төрөлгөн ымыркай болсо, чиренип ыйласа, демек ичинде бир көйгөйү бар. Же ичи көөп оорутуп жатат, же сиз туура эмес эмизип жатасыз.
Тамагын кырылдата бериши да мүмкүн. Ымыркайлар шилекейди же какырыкты түкүрүп сала алышпайт. Ошол себептен тамагы кырылдайт. Ал эми чарайнасын жутуп алыптыр деген сөз илгеритен бери айтылып келет, бирок медициналык жактан алып караганда туура эмес.
Балаңызга бир аз вибро массаж жасап койсо болот. Бирок, алгач дарыгерге көрүнүп, андан консультация алуу зарыл.
Балаңыз ден соолукта болсун!