"Айыл Банктан" лизинге техника жана жабдууларды алуу шарттары
"Айыл Банк" АККдан лизингге кантип техника жана жабдууларды алса болоорун айтылуу банктын лизинг башкармалыгыгын бүтүмдөрдү коштоо бөлүмүнүн жетекчиси Марат Касмалиев айып берет.
Лизинг деген эмне?
Лизинг - бул финансылык ижара. Банк лизингге техника жана жабдууларды узак мөөнөткө берет. Кардарлар аны алып, графигине ылайык ижаралык төлөмдөрүн төлөп турат.
Лизинг кимге берилет?
Кыргыз Республикасынын лизинг боюнча мыйзамына ылайык лизингти коммерциялык гана ишкерлер же компаниялар алалат. Мыйзам талабына ылайык жеке адамдарга берилбейт.
Лизингдин мөөнөтү жана керектүү документтер
Лизинг инвестициялык продукт болгондуктан, мөөнөтү узак. Мисалы, 5-10 жылга чейин десек болот. Документтерге жеке ишкерлердин жана юридикалык компаниялардын менчик формасына жараша талап кылынат.
Жылдык пайызы канча?
Айыл-чарба тармагына ыңгайлаштырган продуктарыбыз бар. Себеби бул деген мамлекеттик программалардын алкагында иштетилет. Мисалы, алар 5-11% чейин, пайыздын өлчөмү кардардын өздүк салымына жараша болот. Андан тышкары, айыл-чарба эмес тармактарга жылдык пайыздар 14% сом менен, 9% доллар менен башталат.