Атасы каза болуп калган, апасы майып студенттерге жеңилдиктер каралганбы?
2020.03.19, 12:42
1315
Саламатсызбы! Атам жай мезгилинде каза болгон, апам 1-топтогу майып, өзүм жогорку окуу жайлардын биринде 3-курста контракта окуйм. Контрагыма льгота кылайын деп, бүт документтерди нотариустан өткөзүп университетке алып баргам. Бир жумадан кийин болбойт деп коюшту. Себебин сурасам мендей студенттер көп экенин айтышты. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.03.2020, 12:47
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамына ылайык, жогорку окуу жайлар социалдык колдоо саясатын өз алдынча жүргүзүшөт. Тактап айтканда, студенттерге жеңилдиктерди кароо маселесин университет өзү чечет.
0
Пайдалуу жооп