Каалаган мектепке барып ЖРТ тапшырам десем болобу?
2020.03.19, 11:53
925
Саламатсызбы! Каалаган мектепке барып "ЖРТ тапшырам, аттестатым бар" десем акысыз эле кабыл алышабы. Былтыркы жылы окууга тапшырбай калгам. Быйыл кайра тест тапшырайын дегем.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.03.2020, 11:56
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! Жалпы республикалык тест тапшырам деп каалаган мектептке барсаңыз кабыл албайт. Мурдагы жылдын бүтүрүүчүлөрү Бишкектеги райондордун бирөөсүндөгү, ал эми аймактагылар шаардык же райондук билим берүү бөлүмдөрүнө барып катталышы керек. Катталуу үчүн РСК банкка барып 570 сом төлөп, квитанциясын алып барасыз. Окууңузга ийгилик каалайбыз!
0
Пайдалуу жооп