УЗИ канча жумасынан баштап кош бойлуулукту көрсөтөт? Гинекологдун жообу
Мен гинекологдон кеңеш алайын дегем. Акыркы этек кирим 8-февралда келген, азыр боюмда бар экен, 1 жума “задержка” болду. Бүгүн больницага барсам, УЗИден көрүнбөй койду. Менин суроом: уруктангандан кийин канча убакытта кош бойлуу экениң билинет? Рахмат.
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Этек кири келбей “задержка” боло баштагандан тартып эле УЗИ кош бойлуулукту көрө алат. Эгер буга чейин эте кириңиз туруктуу болуп, бир эле учурда келип жүргөн болсо.
Бирок кээде УЗИ аппараттын өзү начар, же УЗИ жасаган адистин тажрыйбасы аз, же овуяция кеч болгон, же өтө кичинекей мөөнөт (2 жумадан аз) болгондо кош бойлуулук аныкталбай калат. Ошондой эле чындап бойго бүткөн жок, же жатындан тышкары бойго бүткөн (внематочная беременность) болушу мүмкүн.
Так аныктоо үчүн ХГЧ анализине кан тапшырган туура болот. Кош бойлуулук тастыкталса, кайрадан УЗИден өтүү керек. Тастыкталбаса, менструациянын эмне үчүн келбей жаткан себебин аныктап, дарылануу сунушталат.
Биринчи жана экинчи учурда тең сөзсүз гинекологго кайрылып, консультация алуу зарыл.