Көкүрөгүмдө берч сыяктуу бир нерсе бар, ал оорутат. Маммологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мен бала эмизем, төрт ай болуп калды. Оң жак көкүрөгүмдүн уч жагында берч сыяктуу нерсе бар. Эмизген учурда, сүт толуп кеткенде бир аз ооругансыйт. Кээде жөн жүргөн учурда да тызылдап оорутат. Эмнеден мындай болушу мүмкүн?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Кайсы жерде берч сыяктуу нерселериңиз бар: эмчектин өзүндөбү же үрптүн жанындабы? Мындай көрүнүштү канча убакыттан бери байкап жатасыз? Сиз айткан белгилерден тышкары дагы кандай нерселерди байкагансыз?
Эмнеси болсо да маммологго көрүнүп, УЗИден өтүп коюшуңуз керек. Сизди көрбөй туруп эч кандай диагноз кое албайм. Бул сүттүн уюп калышы, сезгенүү, же шишик (опухоль) болушу мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз.