Балдарды өзүмө жаздырып, жалгыз бой эне боло аламбы?
Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз беш жыл мурун ажырашканбыз. Ден соолугума байланыштуу Москвага кетсем ЗАГСты кестирип алыптыр. Эми балдарымды өзүмө жаздырып, жалгыз бой эне болуп алсам болобу? Алиментти убагында төлөбөйт. 200 миң сомдон ашык карызы бар. Баш тартып эле койсомбу дегем.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сиз жалгыз бой эне боло албайсыз. Анткени мыйзамда мындай жагдай каралган эмес. Эгер алимент төлөбөсө, жолдошунңузду аталык укугунан ажырата аласыз. Ошондо анын балага карата укуктары жокко чыгат.
Ошол эле мезгилде, КРнын Үй-бүлө Кодексинин 76-берененсинин 2-бөлүгүнүн негизинде “Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт” деп көрсөтүлгөн. Демек, анын баш тартуусу алимент төлөсүнө эч кандай тасирин тийгизбейт жана алимент төлөбөсө жооп берет.