Күйөөм кызынан баш тартса, алимент төлөбөй калабы?
2020.03.17, 14:10
838
Саламатсызбы! Күйөөм бир жаштагы кызыбызга "отказной" жазып берген жатат. Эми ал алиментти төлөй береби? Же төлөбөй коюуга укугу барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.03.2020, 14:12
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! КРнын Үй-бүлө Кодексинин 76-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде “Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт” деп көрсөтүлгөн. Демек, күйөөңүздүн кызынан баш тартуусу алимент төөлөсүнө эч кандай таасирин тийгизбейт жана алимент төлөбөсө жооп берет.
0
Пайдалуу жооп