Күйөөм кызымдын фамилиясын өзгөртүп койсо, аны алалбай каламбы?
Саламатсызбы! Жолдошум менен ажырашканбыз. Ортодо бир кызыбыз, күйөөм аны бербей жатат. Бирок ЗАГС менен кызымдын күбөлүктөрү менде. Азыр Москвадамын, жакында барам. Эми күйөөм кызымдын фамилиясын кайын атамдыкына жаздырат экен. Бул үчүн ЗАГСта иштеген эже 1000 сом сураптыр. Эгер кызымдын фамилиясын өзгөртүп коюшса, аны алалбай каламбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын 60-беренесинин негизинде “Баланын ата-энеси тарабынан жарандык абалдын актыларын жазуу органына баланын атын, фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө биргелешкен арыз берилет” деп көрсөтүлгөн.
Демек, балаңыздын фамилиясын кайын атаңызга жаздыруу үчүн макулдук бергениңиз туралуу арызыңыз керек болот. Эгер арызыңыз жок өзгөртүлгөн болсо, бул кылмыш болуп эсептелинет жана өзгөрткөн кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Бул боюнча прокуратурага арыз жазыңыз. Кызыңызды алуу маселеси боюнча биринчи кезекте жолдошуңуз менен сүйлөшүп көрүңүз, сүйлөшүү эч кандай жыйынтык бербесе, сотко кайрылыңыз.