// //

Балам 2 жашта, сийдигин чогултпайт, бат-баттан сие берет. Бул туура көрүнүшпү?

2020.03.17, 10:23
1240

Балам 2 жашта, суусундукту көп ичет. Ичээри менен бир-эки мүнөттө сие баштайт. Сийдигин чогултпай эле бат-баттан заара кыла берет. Ушул туура көрүнүшпү же көйгөйбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.03.2020, 10:29

Нуржамал Жаанбаева

Педиатр

Баланы көрбөй туруп, бир нерсе деп айтуу оор. Эки жаштагы бала абдан активдүү болуп, тынымсыз кыймылдап турат. Балким, үйдүн ичи өтө ысык, бала тердеп, ошол эле учурда суусап жатса керек. Эгер күнүнө болжол менен бир литр суу ичсе бул норма болуп эсептелинет. Баланын жалпы абалы, активдүүлүгү нормалдуу болсо, анда кам саноонун зарылчылыгы жок.

Бирок сизди бир нерсе кооптондуруп жатса, мисалы баланын көздөрү эртең менен шишип калса, анда педиатрга көрүнүп, бөйрөктөрүнүн функциясын текшертип койгула.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт