Төрөй элек келиндер эрозиясын күйгүзсө болбойт деп уктум, ошол чынбы?
Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма беш жылдан ашты, балалуу боло элекпиз. Төрт жыл мурун менчик клиникага барып, эрозия бар экен деп күйгүзгөн. Төрөй элек келиндерге күйгүзгөн болбойт, бойго бүтпөй жаткандын себеби ошол да болушу мүмкүн, деп уктум. Ошол чынбы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Бүгүнкү күндө эрозияны күйгүзүүнүн көптөгөн коопсуз ыкмалары бар. Алар төрөй элек келиндеррге да жасалуусуна уруксат берилген. Ошондуктан негизги себебин башкадан издегениңиз оң болот.
Адатта эрозиянын болушу тукумсуздукка алып келбейт. Негизги себебин аныктоо үчүн толугу менен медициналык текшерүүдөн өтүү зарыл. Аял жалгыз эмес, күйөөсү менен бирге көрүнүп, дарылануусу шарт.
Ден соолукта болуңуз.