// //

Айлыкты жогорулатуу боюнча юрист кеңеш берет

2018.11.15, 15:19
1507

Компанияда иштегениме 8 жыл болду. Жетекчим мүмкүн болушунча тез арада эмгек акымды көтөрөм деп убада кылган. Башкаларга  караганда көп жумуш аткарам. Жакында эле жаңы стажер алды. Кызыгып канча алаарын сурасам маянасы меникиндей экен. Ачууландым, ал тургай иштен кетким келди. Бирок, кайра жумуш таба албай калсам эмне болот деп ойлондум. Айлык кайсы учурда жогорулайт? Жетекчиме кирип туура эмес кылганын айтсамбы?

Бекболот

Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 156-беренесинде эмгек акы кайсы учурда жогорулай турганы көрсөтүлгөн. Тактап айтканда:

  • Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлүк баалары кымбаттаганда;
  • Бюджеттен каржыланган уюмдарда мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык;
  • Башка уюмдарда - жамааттык келишимдерге, макулдашууларга жараша жогорулайт.

Төмөнкүлөрдү билип алсаңыз кереги тиет:

  • Эмгекке акы төлөө мыйзамда белгиленген эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес;
  • Кызматкерлердин эмгек акысы аткарылган иштин санына, сапатына жана татаалдыгына жараша аныкталат;
  • Эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын валютасы (сом) менен акчалай түрдө жүргүзүлөт;
  • Эмгек акыны карыздык милдеттенме, тилкат, азык-түлүктүк же өнөр жайлык товар карточкалары же ушул сыяктуу акчанын ордуна жүргөн алмаштыргычтар менен төлөөгө тыюу салынат;
  • Эмгек акынын өлчөмү эмгекке жарамдуу адамдын жашоо минимумунун өлчөмүнөн аз болууга тийиш эмес;
  • Жумуш убактысынын ченеминде иштеген жана иштин ченемин (эмгектик милдетин) аткарган кызматкердин айлык эмгек акысы мыйзамда белгиленген эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес.

Жетекчиңизге кирип оюңузду ачык айтыңыз. Адилеттүү чечим чыгарат деп ишенемин.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт