// //

Уругумдун пайызы нөл болуп чыкты. Анын айынан үй-бүлөмдүн бузулушун каалабайм

2020.03.13, 13:17
1563

Саламатсызбы! Үйлөнгөнүмө бир жарым жылдын жүзү болду, балалуу боло элекпиз, келинчегибиз экөөбүздүн бири-бирибизге болгон мамилебиз жакшы. Дарыгерге көрүнүп гормондорго анализ тапшырдык. Меники жакшы чыкты, келинчегим стационарага жатып дарыланып чыкты, азыр ден соолугу жакшы. Врач спермограмма тапшырып көр дегенинен барып тапшырдым, жыйынтыгы 0% болуп чыкты. Уруктун пайызын көтөрсө болобу? Мен үй-бүлөмдүн бузулушун каалабайм. Эч качан келинчегимди же ал мени күнөөлөгөн эмеспиз. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.03.2020, 13:18

Нурбек Садырбеков

Медицина илимдеринин доктору, уролог, Улуттук госпиталдын жалпы урология бөлүмүнүн башчысы

Азыркы учурда тукумсуздукту колдон келишинче дарылап жатабыз. Анализде таптакыр урук жок болсо, урук барбы же жокпу билүү үчүн жумурткасын кесип, "биопсия" деп коет, урук табылса алып, тоңдуруп коебуз. Андан кийин ЭКО кылса болот. Ал эми спермограмма анализинде сперматозоиддер бар, бирок кыймылы начар болсо, атайын препараттар менен дарыласак болот. Эч эле болбосо, инсеминация (жасалма жол) менен уругунун пайызын көтөрүп туруп, аялдын жатынына куябыз. Жолдору көп, ал үчүн бейтапты жакшылап текшерип, анализдеринин жыйынтыгын көрүү керек. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт