Никесиз төрөлгөн бала болсом эмне болот?
2020.03.11, 13:04
5003
Саламатсызбы! Үйдүн эң улуусумун. Жакында ата-энем мени багып алышканын билдим. Ошентсе да, ушундай ата-энем бар экенине ыраазымын, кудайга шүгүр кылам. Бирок, бир суроо ойлондурат. Мурунку ата-энем кандай адамдар болгон? Никесиз төрөлгөн бала болсом эмне болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.03.2020, 13:05
Кадыр Маликов
Теолог
Саламатсызбы! Үй-бүлөдө эмес же никесиз төрөлгөн болсоңуз дагы, сизде эч кандай күнөө жок. Анткени балдар ата-энесинин аракети үчүн жооп бербейт. Ошол эле учурда алар мураска ээ болуу жана ата-энесинин фамилиясын алып жүрүүгө толугу менен укуктуу. Кабатыр болбой эле коюңуз, кыямат күнү жоопкерчилик ата-энеде болот.
0
Пайдалуу жооп