Кредит төлөй албай калсаң, банк күрөөдөгү мүлктү канча күндө алып коет?
Банктан беш миң сом кредит алып төлбөй албай калсаң, күрөөдөгү үйдү канча күндө алып коет. Мынча күндө берем, үйдү албай тургула деп банкка кайрылса болобу?
Азамат Солпуев
“Айыл Банк” АККнын насыяларды кайтаруу бөлүмүнүн башчысы
Кардар алган насыясын төлөй албай калганда, банк менен ачык болуп кызматташууга барса, банк колунан келген жардамын көрсөтөт. Ар бир банкта бул сыяктуу маселени чечүүчү бөлүмдөр бар. Алар иштин чоо-жайын иликтеп чыгып, кардарга бир канча сунуштарды айтышат. Банк дароо күрөөдөгү мүлктү алууга шашылбайт. Бардык маселени сотко жеткирбей, сүйлөшүү тартибинде чечкенге аракет кылат: төлөмдөрдүн графигин карап чыгып, белгилүү бир убакытка чейин акы төлөөнү узартып, кредиттик каникул берет. Эгер эки тараптуу аракет жыйынтык бербесе, келишимге ылайык иш сотко жөнөтүлөт. Бирок, бул эң акыркы кадам болуп саналат.