Аялым менен жараштым, алиментти төлөбөй эле койсом болобу? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы. Суроомо жооп бериңизчи сураныч? Алимент токтотулсун деген токтом алдым. Келинчегим экөөбүз элдешип, кайра жашап жатканыбызга үч ай болуп калды. Бул алимент жоюлду дегенди билдиреби? Кайра жазса, кайра эле өндүрүлө береби? Же мурункусу да кошулуп, төлөшүм керек болуп калабы?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Алимент өндүрүү жөнүндө аткаруу өндүрүшү кыскартылса, соттук чечим же аткаруу баракчасы арыз ээсине токтом менен кошо кайтарылып берилет. Эгер ортоңордо кайра келишпестиктер орун алып, эки жолго түшүп кетсеңер, жубайыңыз аткаруу баракчасын тиркеп, кайра арыз жазса, кайрылган күнүнөн тартып, балаңар 18 жашка чыкканга чейин алимент өндүрүлөт.
Ошондуктан кайра кайрылууга негиз бербей, ынтымактуу жашашыңарга тилектешмин. Бактылуу болгула!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.