Алты жумалык боюмда бар. Жагымсыз жыттанган суюктук келип жатат
Саламатсызбы! 6 жумалык боюмда бар. Күрөң түстөгү жагымсыз жыттанган суюктук келип жатат. Түйүлдүк түшүп калбайбы деп коркуп жатам.
Эльмира Чокоева
Акушер-гинеколог
Суюктуктун бөлүнүп чыгышы сезгенүүдөн улам болушу мүмкүн. Балким аял кош бойлуулукка даярданып, сезгенүүдөн дарыланган эмес дегендей. Кандай болсо дагы боюнда бар айым өзү жашаган жеринен каттоого туруп, дарыгерине барып уялбай айтышы керек. Дарыгер кадимки эле флорага мазок алат. Андан кийин анализдердин жыйынтыгына жараша кош бойлуу учурунда кантип дарылануу керек экенин айтып жана жазып берет. Өз алдынча эч нерсе кылбаш керек. Сезгенүүнүн эмнеден пайда болгонун сөзсүз билүү зарыл. Дарыланбай жүрө берсе, баланын өсүшүнө, кичинчерээк калыптанышына таасир этет.