// //

ЖРТга туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен катталса болобу?

2020.03.09, 12:27
1043

Саламатсызбы! Мен 11-класста окуп жатам. Паспорт ала элекмин. Жалпы республикалык тестирлөөгө туулгандыгы тууралуу күбөлүгүм менен катталсам болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.03.2020, 12:30

Чынара Батракеева

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү

Саламатсызбы! Эгер 16 жашка чыга элек болсоңуз, жалпы республикалык тестирлөөгө туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен катталсаңыз болот. Ал эми каттоо учурунда 16 жаштан өйдө жарандардан сөзсүз паспорт талап кылынат. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт