// //

Күйөөм үч талакты кат аркылуу жибериптир. Кайра чогуу жашаганга жол барбы?

2020.03.06, 10:26
1506

Саламатсызбы! Кайын энем бизди жашаттырбай койду. Ортодо 10 айлык балабыз бар. Мага күйөөм ушинтип жазып жибериптир. Жолдошумду жакшы көрөм. Эми кайра чогуу жашаганга жол барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.03.2020, 10:29

Кадыр Маликов

Теолог

Ханафиттик масхабга ылайык бул үч талак жарактуу. Алар мындан ары аял-күйөөсү эмес, толугу менен жарышты, артка кайтууга жол жок болуп эсептелет. Себеби талак өз колу менен жазылган, жазуу түрүндө документтештирилген. Ал эми башка масхабдарга ылайык, айталы, шафииттик, ханбалиттик масхабдар боюнча мындай үч талак бир талак болуп саналат. Бул учурда, күйөөсү аялын  кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бар.

Бул сыяктуу көйгөйлөрдү так чечүү үчүн, жубайлар эмне себептен урушкан, кат качан жазылган, никени калыбына келтирүү ниети барбы же жөн гана оюнбу такташ керек. Ар бир үй-бүлөнүн маселеси индивидуалдуу каралат, андан кийин өкүм чыгарылат. Жалпысынан ханафиттик масхабга ылайык үй-бүлөнү калыпка келтирүү мүмкүн эмес. Эгер алар мамилесин калыбына келтирүүнү чечишсе, күйөөсү аялы менен муфтиятын фатва бөлүмүнө кайрылуусу керек. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт