// //

Турмушка чыксам, мурунку күйөөм кыздарымды алып койбойбу?

2020.03.05, 14:36
1159

Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз эки жыл мурун ажырашканбыз. ЗАГС кыркыла элек, жообуңду бердим деп койгон. Ортобузда эки кызыбыз бар. Бир топ убакыттан кийин бир жигит менен тааныштым. Ал дагы мурун үйлөнүп ажырашкан экен. Экөөбүз баш кошолу деп турабыз. Эки кызымды мурунку күйөөм тартып алып койбойбу? Алар ата-энемдикинде калса боло береби?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.03.2020, 14:39

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Биринчи кезекте балдарга ата-эне өзү кам көрүшү керек. Ал эми сиз кыздарыңызды ата-энеңизге таштап турмушка чыгып кетсеңиз, анда атасы өз балдарын алып кетүүгө толук укуктуу болот. Эгерде силер балдарды берүүдөн баш тартсаңар, сот аркылуу алып коюшу толук ыктымал. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт