Турмушка чыксам, мурунку күйөөм кыздарымды алып койбойбу?
2020.03.05, 14:36
1305
Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз эки жыл мурун ажырашканбыз. ЗАГС кыркыла элек, жообуңду бердим деп койгон. Ортобузда эки кызыбыз бар. Бир топ убакыттан кийин бир жигит менен тааныштым. Ал дагы мурун үйлөнүп ажырашкан экен. Экөөбүз баш кошолу деп турабыз. Эки кызымды мурунку күйөөм тартып алып койбойбу? Алар ата-энемдикинде калса боло береби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.03.2020, 14:39
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Биринчи кезекте балдарга ата-эне өзү кам көрүшү керек. Ал эми сиз кыздарыңызды ата-энеңизге таштап турмушка чыгып кетсеңиз, анда атасы өз балдарын алып кетүүгө толук укуктуу болот. Эгерде силер балдарды берүүдөн баш тартсаңар, сот аркылуу алып коюшу толук ыктымал.
0
Пайдалуу жооп