// //

Төрөттөн кийин аял эмне үчүн "запор" болот?

2020.03.05, 14:20
2767

Саламатсызбы! Төрөттөн кийин эмне үчүн "запор" болот? Бир жумадан бери ичим катып кыйналып жатам.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.03.2020, 14:22

Эльмира Чойбекова

Акушер-гинеколог

Саламатсызбы!  "Запордун" ар кандай түрлөрү жана себептери бар. Биринчиден бул аялдын тамактануусу менен байланыштуу болушу мүмкүн. Ал үчүн эмне жеп жана ичип жатканын сурап билүү керек. Балким, ич катыра тураган азыктарды көп жеп жүрөт. Экинчиден сууну жетиштүү ичип жатабы деген суроо пайда болот.

Дары-дармекке чейин аял өзү дагы рационун жакшыртууга аракеттениши керек. Мөмө-жемиштерди көп жеп турса, аларда клетчетка бар жана организмге витамин болот. Күнүнө сегиз стакандан кем эмес суу ичүү зарыл. Бул чай, мөмө ширеси болушу мүмкүн. Нан, картошка сыяктуу азыктарды болушунча азыраак колдонуу сунушталат. Сөзсүз дарыгерге көрүнүп, кеңештерин аткарсаңыз баары жакшы болот. 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт