Сиңдим баш тарткан балдарын кайра алалабы?
Синдим балдарына "отказной" жазып берген. Балдары күйөөсүнүн колунда, экөө расмий түрдө ажыраша элек, соту апрелде болот. Азыр балдарын өзүнө алгысы келип жатат. Эми кайтарып алалабы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Балдардан баш тартуу соттун чечими менен тастыкталышы керек. Башкача айтканда, ата-эне же алардын бири "мен баладан баш тартамын" деп жазып берген болсо эле, ата-энелик укугунан ажырайт деген туура эмес. Ата-энелик укуктан соттун чечиминин негизинде ажыратылат, бул боюнча КРнын Үй-бүлө Кодексинин 75-беренесинин 1-бөлүгүндө "Ата-энелик укуктардан ажыратуу сот тартибинде жүргүзүлөт" деп көрсөтүлгөн.
Синдиңиз эч сарсана болуп ойлонбой эле койсо болот. Ал эми балдарды өзүнө алуу боюнча ажырашуу учурунда КРнын Үй-бүлө кодексинин 25-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде, ажырашкандан кийин жашы жетпеген балдар синдиңиз менен жашай турганын аныктап берүүнү соттон сурансаңыз болот (жазуу жүзүндө). Өз укугуңуз үчүн күрөшүүдөн чарчабаңыз. Ийгилик каалайм!