Апам келмени айтпай бул дүйнө менен кош айтышты. Эмне болот эми?
2020.03.04, 10:30
1820
Саламатсызбы! Менде көп ойлондуруучу суроо бар эле. Апам каза болгон. Апам бул дүйнө менен кош айтышып жатканда келмени кулагына айтпай, өзүмдүн ичимен айткам. Апам болсо келмени айтпай эле үзүлүп кетти. Эмне болот эми?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.03.2020, 10:32
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы!
Келмени төшөктө жаткан адамдын жанында турган адам айтып турат. Эреже ошондой. Эгер айтпаса аны мажбурлабаш керек.
Айтпай калган болсо, эмне болоорун кудай таала өзү билет. Аны биз биле албайбыз. Артында калган урпактары дуба кылып туруңуздар.
0
Пайдалуу жооп