Атасы баламдан баш тартса алимент төлөбөй калабы?
Саламатсызбы! 2019-жылдын июнь айында алиментке токтом чыккан. Азыр 2020-жылдын март айы. Ушул убакытка чейин эки гана жолу алимент төлөдү. Эмне кылсам болот? Алимент төлө десем баласынан баш тартып, аталык укугунан кечип кетпейби? Аталык укугунан баш тартса алимент төлөбөй калабы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, балаңыздын атасынын алимент төлөбөй жүргөндүгү боюнча сот аткаруучу тиешелүү чара көрүсүү керек. Сиз сот аткаруучуга арыз менен кайрылып жоопкерчиликке тартып берүүсүн сурансаңыз болот.
Ал эми КРнын Үй-бүлө кодексинин 76-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде "Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт", деп көрсөтүгөн. Демек, ал алимент төлөө милдетинен бошотулбайт. Болгону баласына болгон укуктан ажырап калат.
Аталык укугунан баш тартса алимент төлөбөй калат, деп ойлонбой эле коюңуз. Мыйзам сиз тарапта.