Россияга кетип жатам, балдарыма эмне деп айтышым керек? Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мага балдар психологунун жардамы керек эле. Менин 3 жана 1,5 жаштагы кыздарым бар. Жакында Россияга иштегени кетем. Кыздарым куса болбош үчүн моралдык жактан кантип даярдасам болот? Кандай сөздөрдү айтышым керек? Айтып коюңузчу, сураныч?
Ушундай ойлор алыска кетип жаткан бардык эле ата-энеде пайда болсо керек. Кыстаган турмуш ойлогон ойду жеңет болуп, материалдык кыйынчылыктардан улам көпчүлүк бул кадамга барууга аргасыз болуп жатышат. Тилекке каршы бул ата-эне үчүн, алардан өтүп кенедей бала үчүн өтө чоң сыноо.
Кетип жатканда балдар менен кантип коштошуу керек? - деген суроого психолог Карлыгаш Акимкулова жооп берди.
Өзүңүздүн узак убакытка чейин жок болгонуңузга баларыңызды алдын ала даярдаңыз. Эң башкысы, сиз балдарыңызды ар дайым жакшы көрөрүңүздү жана сөзсүз кайтып келе турганыңызды билдириңиз.
Биз балдарды кичинекей, эч нерсе түшүнбөгөндөй кабыл алабыз. Чындыгында андай эмес. Наристелер кенедей кезинен эле, апасынын эмоционалдык абалын, жана айланада болуп жаткан жалпы кырдаалды ички туюму менен билип, байкап турушат.
- Балдарды ишенимдүү, аларды аябай жакшы көргөн, жана чын дилинен кам көрө турган адамга таштаңыз. Ал киши балдарга ар дайым апасы, атасы аларды жакшы көрөрүн, жана жакында келе турганын айтып турсун.
- Бардыгын болгонун-болгондой айтып бериңиз. Чоң киши менен сүйлөшүп жаткандай, бирок баланын тили менен.
- Жайдары, жылмайып, толкунданбай сүйлөшүңүз. Мен жогоруда айтып кеткендей, балдар тамырчы болот. Сиздин эмоционалдык абалыңызды жакшы түшүнүшөт, эгер кыжалат болсоңуз, ал сезим балдарга да өтөт.
- Иш менен кетип жатканыңызды, кете турган жана кайра кайтып келе турган күнүңүздүн так датасын, кайсы шаарга бара турганыңызды, ал жактан эмне кыла турганыңызды айтып бериңиз.
- Кетип жатып сөзсүз коштошуп кетиңиз. Айтпай, уурданып качып кетсеңиз аларга чоң психологиялык травма жасайсыз. Балада “апам мен таштап кетти”, чоңураактары мен “жаман бала”, “жаман кыз” болгонум үчун апам кетип калды деп ойлоп калышат. Өзүн жектеп, себепсиз күнөөлөшөт.
- Күндө бир маал телефон чалып, же интернет аркылуу байланышып туруңуз. Балдар сиздин кайсы малда байланышка чыга турганыңызды билип, ошол мезгилге даяр болушсун. Алар ошол саатты күтүшөт. Сиздин жанында эле жүргөндөй сезим пайда болот.
- Белек ала келем, же дагы бир нерсе сатып берем, деп убада бербеңиз. Балага мындай сөздөрдүн кереги жок. Алар үчүн ата-энеси менен сүйлөшүп, анын үнүн угуу маанилүү.
- Балдарыңызга жеке буюмдарыңызды, сүрөтүңүздү, кийимдериңизди калтырып кетиңиз. Сизди сагынганда жытыңыз сиңип калган кийимдерди жыттап, же буюмдарды колуна алып, бир аз болсо да сооронот. Ар дайым жанына ала жүрөт.
Урматту ата-энелер, мүмкүн болушунча эртерээк кайтып келиңиз. Колдон келишинче балдарды жаныңызга алып жүрүңүз. Үй-бүло бирге болуп, бардык кыйынчылыктарды бирге жеңип чыгуу үчүн жаралат.
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.