Эмне үчүн кичинекей кызым 2 эле саат уктайт?
Саламатсызбы! Эки кызым бар, бири 3 жашта, экинчиси 7 айлык. Экөөнүн тең уйкулары аз. Ашып кетсе эки саат укташат. Чоң кызым кичинекейинде деле ушундай болчу, азыр деле өзгөрүү жок. Эмне кылсам болот?
Бекмамат Матиев
Педиатр
Саламатсызбы!
Кичинекей баланын аз убакыт укташынын көптөгөн себептери бар. Балаңыздын башын УЗИге тарттырдыңыз беле? Ойгонгондо ыйлап ойгонобу? Же жөн гана көзүн ачып алабы? Түнкүсүн кандай уктайт?
Ушунун баары диагноз коюу үчүн өтө маанилүү.
Кичинкей баланын аз укташынын бир нече себептерин айтып берсем:
Жүрүм-турумдук. Буга күндүн туурам эмес пландалышы, уйкуга даярдыктын жоктугу, өз алдынча уктай албагандыгы жана башкалар.
Соматикалык. Башкача айтканда баланын ден соолугуна байланыштуу. Эне кош бойлуу кезде кыйналса, төрөт оор болсо, кандайдыр бир неврологялык кыйынчылыктар бар болсо баланын тын же нормада укташына таасирин тийгизет.
Эмоционалдык. Бул жерде эненин ролу чоң. Эгер эне төрөттөн кийинки депрессиядан чыга элек болсо, дайыма тынчы кетип, жинденип жүрсө балага таасирин берет.
Бул үч себеп бири-бири менен тыгыз байланышта болот. Эгер бала жүрүм-турумдук себеп менен уктай албаса эненин тынчы кетет. Чарчаган, тынчы жок эне баласынын курсагынын ачканын, качан уктагысы келгенин, чарчаганын биле албайт.
Генитикалык себеп дагы болушу мүмкүн. Ошонуктан педиатрга кайрылыңыз.