ЖРТдан канча упай алсам бюджетке өтөм?
Саламатсызбы! Жалпы республикалык тестирлөөдөн канча упай алганда бюджетке өтөт?
КРнын Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Бүгүнкү күндө 2020-жылы ЖОЖдорго студенттерди кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) упайлар чеги коюла элек. Былтыр ЖРТнын өтмө упайы 110 болчу, быйыл канча болоорун жакын арада айтабыз.
Гранттык жана контрактык орундар үчүн конкурска негизги жана предметтик тест боюнча эң жогорку упай алган абитуриенттер киргизилет.
Негизги тест тапшыргандар да конкурска катыша алат, бирок предметтик тестти бар абитуриенттерге артыкчылык укугу берилиши мүмкүн (медициналык адистиктерди кошпогондо).
Баары алган упайыңызга жараша. Бул же тигил университетке бюджетке өтсөңүз болот деп айта албайбыз. Каалаган окуу жайлардын өзүнө барып сурасаңыз болот.