Эмчек эмген жаш баланын тили эмнеге агарып калат?
2020.03.02, 10:07
12378
Эмчек эмген кичинекей жаш баланын тили эмнеге агарып калат? Канткенде агарбай калат? Же кантип тазалаш керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.03.2020, 10:10
Анара Базаркулова
Педиатр
Саламатсызбы!
Сарсана болбоңуз, эмчек эмген балада андай боло берет. Аны кетирүү үчүн эч нерсе жасаганга болбойт. Кээ бир энелер баласынын оозун соода кошулган сууга бинтти малып тазалап коюшат. Бул туура эмес, себеби бинт баланын ооз көңдөйүн жабыркатып, инфекцияны жайылышына жардам берет. Сооданы такыр эле колдонбош керек. Бара-бара өзү кетет.
0
Пайдалуу жооп