// //

Мен Москвада жүргөндө күйөөм балдары алып кете албайбы? Адвокаттын жообу

2020.02.28, 11:58
1482

Мен балдарымды апама таштап коюп, иштеп келүүгө Москвага кетем. Күйөөм аялы менен Россиядан келип, мен жокто балдарджы алып кете албайт э? Эки балама жөлөк пул чыгарткам, мен жок болсо м деле чыга береби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.02.2020, 12:01

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Саламатчылык. Эгер балдардын атасы соттун чечими менен аталык милдетинен ажыратылбаса, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүндө атасы катары жазылса, анын балдарды алып кетүүгө толук укугу бар. Ата-энеси бирге жашабай калган күндо да алардын балдардын алдында укуктары жана милдеттери бирдей.

Ал эми жөлөк пул жөнүндо айта турган болсом, эгер документтерди өз маалында тапшырып турсаңыз, жөлөк пул чыга берет. Ал жагынан кам санабай эле койсоңуз болот.

Адвокат Эркингүл Шаршенбекова менен инстаграмдагы advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт