Өгөй энем үйүбүзгө жолотпой жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин апам каза болуп калган. Атам башка бир аялга үйлөнүп, экөө кыздуу болушкан. Өгөй энем мени үйүбүзгө жолотпой жатат. Ал үй мага калыш керекпи же кызынабы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Үй кимдин атында? Эгер апаңыздын атында болсо, ал каза болгондон кийин атаңыз менен чогуу бөлүп алсаңыз болот эле. Мүлк атаңыздын атасында болсо, атаңыз көзү тирүү кезинде кимге мурас кылып жазып берсе ошол адамга калат. Эгер эч кимге бөлүп бере электе атаңыздын көзү өтүп кетсе, анда мүлкү балдарынын ортосунда, айталы сиз менен кызына бөлүнөт. Аялы бар деп жатасыз, эгер экөөнүн ортосунда ЗАГС бар болсо, мыйзам тартиптерине ылайык үчөөңөргө бөлүп берилет.