// //

Бел суум 3-4 сааттан кийин түшөт. Бул нормалдуубу?

2020.02.25, 11:10
1683

Саламатсызбы! Жыныстык катнашта бел суум аябай кеч түшөт. Кээде 3-4 саатка созулат. Бул эмнеден болушу мүмкүн? 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.02.2020, 11:11

Болот Рысбаев

Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог

Саламатсызбы! Бел суунун маал-маалы менен кеч түшүшү нормалдуу эле көрүнүш, бул жерде эч кандай көйгөй жок. Эгер бул көрүнүш бат-баттан кайталанып, жыныстык жашооңузга көйгөй жаратса, урологго кайрылыңыз. Сизди текшербей туруп бир нерсе деп айта албайбыз. Жалпысынан буга депрессия, дары-дармектер, инфекциялар ж.б себеп болушу ыктымал. Бейтапканга кайрылып анализ тапшырыңыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт