Жумуш учурунда бутун сындырып алган күйөөмдү ишинен айдап жатышат
2020.02.25, 09:54
963
Жолдошум аскер кызматкери. Жумуш учурунда машыгып жатып кашка жилигин сындырып алды. Андан кийин контрагын улады, арадан бир жыл өттү. Азыр буту ооруп зачёт тапшыра албай калат экен. Эми жумуштан чыгарганы жатышыптыр. Бул туурабы? 3 балабыз бар, батирде турабыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.02.2020, 09:58
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сурооңузду окуп туруп кимдики туура, кимдики туура эмес айтуу кыйын. Окуяны толук билбей туруп так жооп берүү мүмкүн эмес. Бирок негизинен жумуш учурунда жаракат алган болсо, анда жумуш берүүчү тарап жолдошуңуззга тиешелүү колдоо көрсөтүлүүсү керек.
0
Пайдалуу жооп